www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 11-13-июнда Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга биринчи расмий сапары менен келет. Бул тууралуу президенттин админстрациясынан билдирди.
Сапардын алкагында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин эки жактуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү келечегин талкуулашат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы укуктук базаны жана практикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюлат.
Алдыдагы сапар тарыхый мааниге ээ жана эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки Грузия өкмөтүнүн Кыргызстанга болгон биринчи расмий сапары болуп калат.