www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бишкек Арена» стадионунун аймагында өрт чыкты делген маалымат чындыкка дал келбейт, деп билдиришти Президенттин иш башкармасынан.
Иш башкармасынын маалыматы боюнча, объекттин жер төлөсүндө ширетүү иштери жүргүзүлгөн. Ошол учурда боек жана курулуш материалдарында кыска мөөнөткө түтүн пайда болгон. Өрт катталган эмес.
«Катуу шамалдан улам түтүн визуалдуу көбөйүп, өрт чыкты деген жаңылыш пикирди жараткан. ӨКМ кызматкерлери ыкчам келип, түтүндү жоюу боюнча зарыл чараларды көрүштү. Абал толугу менен көзөмөлгө алынып, объектке жана жумушчуларга коркунуч жаралган жок», - деп айтылат пресс-релизде.
Объектте курулуш иштери штаттык режимде уланууда.