www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетика министри Таалайбек Ибраев пенсияга чыккандыгына байланыштуу өз каалоосу менен арыз жазып, кызматтан кеткен. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Энергетика министрлигинин аппараты мурдагы жетекчисин татыктуу эс алууга узатканы белгиленди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Таалайбек Ибраевге энергетика тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Кечээ эле ал Энергетика министрлигинин эмгек жамаатына министрдин милдетин жаңы аткаруучу Алтынбек Рысбековду тааныштырды.
Таалайбек Ибраев Энергетика министрлигин 2022-жылдын октябрь айынан бери жетектеп келген.