www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соң-Көл көлүнүн акваториясынан жалпы узундугу 2,5 чакырымга жеткен мыйзамсыз синтетикалык балык уулоочу торлор алынды.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 10-июнунда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан көлдү тазалоо боюнча рейд өткөрүлүп, суудан болжол менен 2500 метр эски жана мыйзамсыз коюлган торлор чыгарылган.

Мындан бир күн мурун ушул сыяктуу иш-чаранын алкагында Ысык-Көлдөн жалпы узундугу бир чакырымдан ашкан мыйзамсыз синтетикалык торлор алынып, ошондой эле 25 килограмм тиричилик таштандысы чыгарылган.

Министрликтен белгилешкендей, бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүнүн экосистемасын сактоо жана балык ресурстарынын популяциясын калыбына келтирүү максатында өндүрүштүк балык уулоого киргизилген мораторий тууралуу Жарлыгын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Последние новости