www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда аномалдуу ысык аба ырайы сакталууда. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 17-июлда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын температурасы +35 градустан жогору болот.
Айрым райондордо Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүн табы +43 градуска чейин жетиши мүмкүн.
Эң ысык аймактар:
Адистердин маалыматына караганда, бүгүн эң жогорку температура өлкөнүн түштүгүндө жана Чүй облусунда күтүлөт.
Ал эми Ысык-Көлдө аба ырайы салыштырмалуу салкын болуп, күндүз +26…+31 градус болот.
Буга чейин Кыргызгидромет 14-июлдан 18-июлга чейин өлкө аймагында аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөрүн эскерткен.
Куткаруучулар жарандарга күндүн түз нурунда көпкө жүрбөөнү, жетиштүү суу ичүүнү жана күндүзгү убакта оор физикалык иштерден алыс болууну сунушташат.