www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында ишке ашырылган эки реформанын жыйынтыгын чыгарды.

Аппараттык кеңешмеде белгиленгендей, 2026-жылы социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган 9 реформа башталган. Алардын ичинен эки багыт боюнча коюлган максаттар толугу менен аткарылды.

Биринчи реформа баалуу кагаздар рыногунда жарандардын финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүүгө багытталды. Натыйжада брокердик эсепти аралыктан ачууда кардарды идентификациялоо жана текшерүү процесси 2 күндөн 15 мүнөткө чейин кыскартылды.

Экинчи багыт санитардык китепчени (жеке медициналык китепче) тариздөө процессин санариптештирүүгө байланыштуу болду. Жаңы система аркылуу документти алуу мөөнөтү 8 күндөн 4 жумушчу күнгө чейин кыскарып, медициналык уюмдарга кайрылуулардын саны 5тен 2ге чейин азайды.

Ошондой эле электрондук медициналык китепчелердин бирдиктүү реестри түзүлүп, документтерди текшерүү жана жасалмалоо тобокелдиктерин азайтуу мүмкүнчүлүгү жаралды.

Адылбек Касымалиев реформаларды ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдардын жана Президенттин Администрациясынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Последние новости