www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаарында мамлекеттик объекттерге бомба коюлгандыгы тууралуу 15тен ашык билдирүү түштү. Бул тууралуу Борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коопсуздукту камсыздоо боюнча зарыл иш-чаралар жүргүзүлдү.
Тактап айтканда, аймактар милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, кызматкерлерди жана жарандарды эвакуациялоо уюштурулду. Окуя болгон жерлерде тергөө топтору, тийиштүү кызматтардын адистери, ошондой эле кинологдор иштеп, объекттерди жана чектеш аймактарды текшеришти.
Учурда объекттердин көпчүлүгүндө текшерүү иштери аяктады. Жарылуучу зат табылган жок. Калган объекттер боюнча текшерүү иш-чаралары уланууда.
Кошумча маалымат берилет.