www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин ардагери Айтмамат Коргонбаев социалдык тармакта резонанстуу билдирүү жасап, Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевди «өлкөнүн тагдырына сүртүлгөн көө, ыплас чыйкан жана мөөр» деп атады.

Ошондой эле Коргонбаев азыркы президент Садыр Жапаровдун Акаевди кайрадан коомдук иш-чараларга чакырып, урмат көрсөтүүсүн сынга алды:

1991-ж. Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин, Аскар Акаев бийликке келип, "Макмал" алтын кен мекемесинин балансындагы 15 тонна алтынды Орусияга берип салган. 2003-ж. "Кумтөр" алтын кен мекемесинен "Камеко" канадалык шылуундар жашырган 115 тонна алтын табылып, 60 миллион доллар салык төлөп, алтынды алып чыгып кетишкен. 2004-ж. Кумтөрдөн 24 тонна алтынды, канадалыктарга жөн эле берип салган. Аскар Акаев, мамлекеттик келишим боюнча "Кумтөр" мекемесинен Кыргызстандын 70% болгон үлүшүн 16% ке түшүрүп салган! "Кумтөр" боюнча ушул жасаган чыккынчылыктарына, сыйлык катары ПАРАГА алган алтындарды, Бирштейн досунун самалётунда ташыган. СССРден бизге өткөн жалпы өндүрүштү, айыл чарбасын, мал чарбасын бүтүндөй талкалап, тоноп, менчиктештирип таламайга айландырып, өлкөдө ачарчылык жүрүп, өспүрүмдөр келечектен үмүт үзүп суидцид көбөйүп, уурулук күчөп, жаштар эмиграцияга чубалган кезде, А.Акаев жыртаңдап ТОЙ тамада болуп жүргөн. 90 миң га.

Үзөңгү-Кууш жерин кытайга саткан. Аскердик техника танк, самалётторду Ф.Кулов экөөсү маталл катарында сатып жеген. Натыйжада элибиздин социалдык абалы оорлошуп, жашоо минимуму өтө төмөндөп, жогорудагы кылмыштарга каршы нааразылык акциясына чыккан Аксы элин, А.Акаев аттырган! Коррупция жогорку бийиктикке чыгып, мамлекттик кызмат орундары ачык эле сатыла баштаган. Кадровик-кассир Майрам Акаева болгон. Насирдин Исановдун өлүмү А.Акаевдин совестинде! Ошол кезде Аскар Акаевде, ЧЕК АРАНЫ чечип коюу МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ толук болгон! Жогорудагы кыянаттык чыккынчылыктардан улам, итке минген жакыр эл, 2005-ж. революция аркылуу бул шайтанды тактан кулатып, Акаев элин таштап качкан. Революциядан кийин А.Акаевдин үстүнөн бир нече кылмыш иштери козголгон. ЖОГОРУДАГЫ ФАКТЫЛАРДЫН БААРЫ, ошол кезде ТЕЛЕДЕН, Жогорку Кеңеште, прессадан ЖАЗЫЛЫП, АЙТЫЛГАН!

Эми ушул чыккынчыны пир тутуп чакырып, төрдөн орун берип, анын насаатын уккан Садыр Жапаровго мен такыр ТҮШҮНБӨЙ КАЛДЫМ??? Же бул элди шылдыңдаганыбы??? Ал эми экинчиси Сооронбай Жээнбеков, пандемияга дүйнөлүк банктардан жардам катары келген 430 миллион доллар акчаны шимирип, элге отчёт да берген жок???
Эми бирөөсү Кумтөр боюнча Кыргызстан тарабында КҮБӨ өтүп берсе, экинчиси бийликти келишим менен өткөрүп берсе эле УЛУУ УРМАТТУУ болуп калабы?????????????????

ИИМдин ардагери
Айтмамат Коргонбаев

Последние новости