www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги медреселердин биринде массалык тамак-аштан уулануунун кесепетинен жабыркагандардын саны 58 кишиге жетти. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери билдирди.
Анын айтымында, 23 бейтап ооруканага жаткырылып, калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, бейтаптардын бири ооруканага түшкөндө абалы оор болуп, реанимация бөлүмүнө жайгаштырылган. Дарыгерлердин айтымында, учурда анын абалы турукташып, палатага которулду.
Үч бейтап кечээ кечинде стационардан өз билемдик менен чыгып кеткен. Азыркы тапта ооруканада 20 адам дарыланууда.
Эске салсак, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 41 миң сомдук укук бузуу тууралуу үч протокол түзүлгөн.
Андан сырткары, аныкталган мыйзам бузуулар четтетилгенге чейин медресенин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу боюнча көрсөтмө даярдалды.