www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда коомчулукта «75чилердин каты» деп аталган кылмыш иши боюнча кезектеги отурум уланууда. NazarNewsка өздүк булактар билдиргендей иш боюнча бүгүн сот өкүмү аягына чыгышы мүмкүн.
Бул иште жалпысынан бир нече мурдагы жогорку кызматтагы аткаминерлер айыпталууда. Алардын катарында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчы Бекболот Талгарбеков, мурдагы вице-премьер Аалы Карашев, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, ошондой эле Эмилбек Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев бар.
Өткөн соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу тарап соттолуучуларды 9 жылга эркинен ажыратууну сураган. Бүгүнкү отурумдун жыйынтыгында сот өкүмү угузулушу мүмкүн экени күтүлүүдө.
Белгелей кетсек, иш алгач «жашыруун» гриф менен каралып, сот отурумдары жабык форматта өткөн. Кийин жактоочулардын өтүнүчү менен айрым отурумдар ачык өтө баштаган. Бирок июнь айындагы соттук процесстердин биринде прокурорлордун өтүнүчү менен иш кайрадан жабык режимде карала турганы маалымдалган.
Айыпталуучуларга «бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып тагылууда. Жактоочулар болсо коюлган айыптарды негизсиз деп эсептеп, сотто аны жокко чыгарууга аракет кылып келишет.