www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаарынын прокуратурасы мэрияда бюджеттик каражаттардын сарпталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө атайын техникаларды сатып алууда мыйзам бузууларды аныктады.
Маалыматка ылайык, муниципалитеттин муктаждыктары үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 329 миллион 700 миң сомго жалпысынан 31 даана атайын техника сатылып алынган.
Бирок алардын бир бөлүгү белгиленген техникалык талаптарга жана ченемдерге жооп бербей турганы белгилүү болгон.
Тактап айтканда, 5 таштанды ташуучу унаада, 3 өзү түшүрүүчү жүк ташуучу унаада жана 2 жол тазалоочу унаада техникалык кемчиликтер аныкталып, анын кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени айтылды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду.
Учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, иликтөөнүн жүрүшү прокуратуранын көзөмөлүндө.