www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президентке караштуу Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминовго тиешелүү деп аталган компания канаттуулардын этин импорттоого 5 миң тонна квота алган.

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазган кайрылуусунда белгиледи.  

Анын айтымында, Asian Food компаниясы Кыргызагрохолдинг өткөргөн аукциондо жеңүүчү болгон. Чекирбаев бул жагдайды кызматтык абалдан пайдалануунун белгиси катары баалап, муну коррупциялык тобокелдик деп эсептей турганын билдирди.

Ошондой эле,  андагы маалымат боюнча 2025-жылдын декабрында Фархат Иминовдун өкүлдөрү министрликтен 20 миң тонна квота сураган.

Бул маалымат боюнча Фархат Иминов же аталган компания азырынча комментарий бере элек.

Последние новости