www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Тегеранда таң эртеден баштап Ирандын шейит болгон лидери аятолла Али Хаменеи жана анын жакындары менен коштошуу жүрүшү башталууда.
Бул тууралуу Иран ЖМКлары маалымдашты.
Бийликтин маалыматына ылайык, жүрүшкө 15 миллиондон 20 миллионго чейин адам катышат.
Маркумдардын табыттары Демавенд магистралынан баштап, борбордук Энгелаб көчөсү аркылуу Азади аянтына чейин көтөрүлүп алып барылат. Жергиликтүү тургундардын айтымында, адамдардын өтө көптүгүнөн улам жүрүш жай жылып, зыяратчылар Азади аянтына болжол менен кечки саат 18:00дөр чамасында гана жетишет.
Тегерандын жол кызматтары жүрүш өтүүчү багытка алып барган бардык көчөлөрдү жаап жатат. Ошондой эле укук коргоо органдары коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өзгөчө күчөтүлгөн чараларды көрүүдө.
Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф бул аза күтүү жүрүшүн «Ислам революциясынын рухунан жаралган доордук окуя» болорун билдирди.
Хаменеи менен коштошуу зыйнаттары 3-июлда Тегерандагы “Мосалла” комплексинде башталып, ал күнү Ирандын жана 100гө жакын чет өлкөлөрдүн расмий адамдары аятолланын элесине таазим кылышкан.
4-июль күнү эртең менен ошол эле диний комплексте Али Хаменеи менен элдик коштошуу зыйнаты башталган.
Бүгүн, 6-июль Тегерандагы коштошуу аземинен кийин маркумдун сөөгү Ирандын диний борбору саналган Кум шаарына жеткирилет. 8-июлда анын сөөгү Иракка жөнөтүлүп, ал жерде Кербела жана Наджаф шаарларында өзүнчө коштошуу аземдери өткөрүлөт.
Маркумду акыркы сапарга узатуу жана жерге берүү аземи 9-июлда анын туулган шаары болгон Мешхедде өтөт.