www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде жабык жыйын өткөрүп, анда 2026-жылдын күзүндө президенттик шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланганы маалым болду. Бул тууралуу «Украинская правда» басылмасы өз булактарына таянганын жазды.
Басылманын маалыматына караганда, жыйынга катышуу үчүн Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы Башкы командачысы, учурда Украинанын Улуу Британиядагы элчиси болуп иштеп жаткан Валерий Залужный Лондондон Киевге чакырылган. Булактардын айтымында, анын сапарынын расмий себеби катары Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин мүмкүн болгон кызматтан кетүүсү боюнча талкуу көрсөтүлгөн.
Жыйынга ошондой эле Президенттик кеңсенин өкүлдөрү, аскердик жана коопсуздук тармагындагы жогорку кызмат адамдары, анын ичинде Кирилл Буданов, Олег Татаров, Давид Арахамия, Михаил Федоров жана Рустем Умеров катышканы айтылууда.
Булактардын маалыматына ылайык, Зеленскийдин командасы Залужныйды мүмкүн болуучу президенттик шайлоого катышпоого көндүрүүгө аракет кылган. Алар шайлоо коомдогу бөлүнүүнү күчөтүп, саясий атаандаштыкты курчутуп, мамлекеттик коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн экенин жүйө катары келтиришкен.
«Украинская правданын» жазганына караганда, Зеленский Залужныйдан: «Эгер президенттик шайлоо 2026-жылдын күзүндө өтсө, талапкерлигиңизди коёсузбу?» деп түз сураган. Залужный болсо: «Ооба. Катышам», — деп жооп берген.
Булактардын айтымында, Зеленский Залужныйга дээрлик каалаган мамлекеттик кызматты сунуштоого даяр болгон. Бирок бул жооптон кийин андай сунуш айтылган эмес.
Ошондой эле жыйында Президенттик кеңсенин тапшырмасы менен жүргүзүлгөн социалдык сурамжылоонун жыйынтыгы талкууланган. Ага ылайык, учурда Зеленскийди колдоо деңгээли 34 пайызды, Валерий Залужныйдыкы 28 пайызды, ал эми Кирилл Будановдуку 12 пайызды түзөт