www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги отуруму өтөт. Отурум саат 11:00дө парламент имаратынын Жыйындар залында башталат. ЖК басма сөз кызматынын маалыматында, төмөндөгү маселелер каралат.
Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):
1. Ар кандай маселелер;
2. “2022-жылдын январь-июнь айларына VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);
3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жарнама жөнүндө”, “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (мыйзам долбоорунун демилгечилери – VI-чакырылышынын депутаттары Строкова Е.Г., Самигуллина А.Э., Касымалиева А.К., Карашев А.А., Урумкалиева Ч.Ч., Аманова Б.К., Асылбаева Г.К., Торобаев Б.Э., Турдумамбетов О.Ж., Нышанов С.К., Туманбаева Р.М.) (Социалдык саясат боюнча комитет четке кагууну сунуштайт);
4. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 30.03.18деги № 171 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет четке кагууну сунуштайт);
5. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 30.08.18деги № 410 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет четке кагууну сунуштайт);
6. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салык кодекске, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 10.06.20дагы № 324 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет четке кагууну сунуштайт);
7. “Кыргыз Республикасындагы өзгөчө экономикалык аймактар жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (мыйзам долбоорунун демилгечилери – VI-чакырылышынын депутаттары Мавлянова М.Э., Айдаров С.А., Джумабеков Д.А., Осмонова А.Ш., Туманбаева Р.М., Примов У.Б., Тиллаев Т.Г., Жунус уулу Алтынбек, Нурбаев А.М., Турускулов Ж.К., Жамалдинов З.И., Токтошев Э.Т.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет четке кагууну сунуштайт);
8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салык кодексине, Жер кодексине, Токой кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (мыйзам долбоорунун демилгечилери – VI-чакырылышынын депутаттары Мавлянова М.Э., Айдаров С.А., Джумабеков Д.А., Осмонова А.Ш., Туманбаева Р.М., Примов У.Б., Тиллаев Т.Г., Жунус уулу Алтынбек, Нурбаев А.М., Турускулов Ж.К., Жамалдинов З.И., Токтошев Э.Т.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет четке кагууну сунуштайт);
9. “Кластерлер жөнүндө” Мыйзамдын долбоору” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (мыйзам долбоорунун демилгечилери – VI-чакырылышынын депутаттары Турусбеков Б.С., Керезбеков К.К.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет четке кагууну сунуштайт);
10. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-11645/21, 03.08.2021) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет четке кагууну сунуштайт);
11. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-15382/21, 29.10.2021) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет);
12. “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-9533/21, 29.06.2021) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет);
13. Украинадагы окуяларга байланыштуу экономикалык жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы.
Булак: NazarNews.kg