www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 1-ноябрда ИИМде суракка алынып, андан кийин 48 саатка камакка алынган журналист Семетей Талас уулунун баш коргоо чарасы бүгүн каралат.

Журналисттин бөгөт чарасын Биринчи май райондук соту карайт.

Эскерте кетсек, 1-ноябрда журналист Семетей Талас уулу ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка алынып келип, андан кийин камакка алынган. ИИМ анын суракка алынышы жана кармалышы боюнча расмий маалымат бере элек.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова, Талас уулу экстремисттик материалдарды таратууга шектелип кармалганын билдирген.

Семетей Талас уулу быйыл 18-февралда «Фейсбукка» диний постту бөлүшкөнү үчүн УКМКга күбө катары сурак берип чыккан. Ал диний илимий макаланы «Фейсбуктагы» баракчасына бөлүшкөнүн, бирок, анын Кыргызстанда тыюу салынган макала экенин билбегендигин жазган.

Соңку учурларда ал Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелер боюнча байма-бай постторду «Фейсбукка» жарыялап жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости