www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-ноябрь кечинде Президент Жапаровдун сапарынын урматына Дубай шаарындагы эң бийик Бурж-Халифа имараты Кыргыз Республикасынын туусунун түсүнө боелду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып, видео жүктөдү.

Президент Садыр Жапаровдун 30-октябрдан 1-ноябрга чейинки аралыкта Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) иш сапар менен барды.

Иш сапарынын алкагында Жапаров БАЭ президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы өнүгүп жаткан кызматташуу келечегин, соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка өз ара кызыкчылык туудурган тармактардын маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Анын ичинде 1 млрд 200 млн АКШ доллары суммасына чейинки ири коммерциялык өнүгүү долбоорлорун ишке ашырууну көздөгөн, уставдык фонду 100 млн АКШ доллар болгон Биргелешкен холдингдик компания түзүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости