www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиянын коомдук каналы БиБиСи берген жалган бир кабарынан улам Украинанын президенти Петр Порошенкодон кечирим сурап, себеп болгон чыгымды төлөөнү кабыл алды.

БиБиСиден берилген маалыматта өткөн жылдын май айында жарыялаган бир кабарда Порошенко менен АКШнын президенти Дональд Трамптын ортосундагы бир жыйындын узартылышы үчүн 400 миң доллар төлөнгөндүгү айтылгандыгы эске салынды.

Төлөмдүн Трамптын мурунку адвокаты Майкл Коэнге жасалгандыгы  белгиленген кабардын андан кийин БиБиСинин интернет сайтынан чыгарылгандыгы белгиленген маалыматта : «2017 -  жылы июнь айындагы жыйын тууралуу айтылгандар туура эмес»,- деп билдирилди.

Бул тууралуу кабардын БиБиСинин Британиядагы бир кабар бюллетенинде да жарыялангандыгы билдирилип: «Урматтуу Порошенкодон себеп болгон маселеден улам кечирим сурайбыз.  Ордун толтуруу жана соттук каржоолорду төлөөнү да кабыл алдык»,- деген сөздөргө орун берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости