www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Душанбедеги хореографиялык окуу жайдын директору бий мугалими Саида Рустамованы кайрадан жумушка алды. Буга чейин тиешелүү чечим өлкөнүн Маданият, маалымат, спорт жана туризм кызматкерлеринин кесиптик кошууну федерациясы тарабынан кабыл алынган. Саида Рустамова президент Эмомали Рахмондун жылдык кайрылуусу көрсөтүлүп жатканда окуу жайдын залынан чыгып кеткенден кийин жумуштан алынган.Федерациянын кызматкери Мухаммад Курбонов Рустамовага 15-январдан бери иштебегени үчүн акчалай кенемте төлөнөрүн билдирди.

Окуу жайдын директору Кенжа Иброхимов мугалим менен ымалага келгенин билдирди. Буга чейин Рустамова аны жумуштан кетирүү тууралуу буйрукта "улут лидеринин кайрылуусун угуудан баш тартканы үчүн иштен алынсын" деп жазылганын айткан.

Окуу жайдын жетекчилиги мугалим ишиндеги кемчиликтерден улам жумуштан алынганын билдирген.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 22-декабрда өлкө парламентине жылдык кайрылуусун окуган. Коңшу өлкөнүн бардык радио жана телеканалдары аны түз ободо көрсөтүшөт. Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери, окуу жайлардын студенттери, мектептердин жогорку класстарынын окуучулары аны угуп-көрүүгө милдеттүү.,- деп жазды "Азаттык".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости