www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26-27-августта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул туурасында Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарбасы, жол кыймылы, энергетика жана коммуналдык чарба кызматтарынын иши жана жайыттарда мал багуу үчүн кыйынчылык жаратышы ыктымал.

27-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Баткенде түнкүсүн 13…18, күндүз 21…26;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 21…26;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10 градус болот.

Бишкекте 27-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 19…21 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости