www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пекиндин бийлиги шопингге, ресторандарга, спортко, билим алууга же саякаттап кетүүгө колдонула турган жалпы суммасы 12,2 миллиард юань (1,7 миллиард доллар) болгон ваучерлерди берет. Бул чекене соода кулагандан кийин керектөөнү стимулдаштыруу үчүн жасалды. Бул тууралуу Bloomberg жазып чыкты.

Жылдын биринчи төрт айында шаардагы сатуулар 20,4 пайызга төмөндөгөн, ал эми өлкө боюнча 16,2 пайызды түзгөн. Басылманын маалыматы боюнча, Кытайдын 50гө жакын шаарларында Ухань, Ханчжоу, Нанкин жана Шэньчжэнь шаарларын кошо алганда, алты миллиард юаньдан ашык баалуу ваучерлер таратылган. Ваучерлер 6-июндан таркатыла баштайт, аларды Интернеттен же кадимки дүкөндөрдөн соода кылууда колдонсо болот.

Буга чейин британиялыктарга сыра ваучерлерин сатып алууну сунуш кылышкан. Алкоголдук ичимдикти жакшы көргөндөр пандемиянын айынан жабылып калган мекемелер ачылганда аларды алмаштыра алышат. Бул чара компанияларга экономикалык кризистен аман өтүүгө жардам берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости