www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк ооруканасы коронавирус жуктурган бейтаптарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Кыргыз-түрк “Достук” ооруканасы 78 орунга ылайыкташтырылган. Анын ичинде 12 интенсивдик терапия бөлмөсү бар. Жалпысынан 35 медицина кызматкери ишти алып барууда. Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 19 медицина кызматкеринен вирус табылып, мекеме обсервацияга жабылган. Андан кийин Кыргыз-түрк ооруканасы коронавирус жуктурган бейтаптарды кабыл ала баштайт", - деди Үсөнбаев.
Булак: NazarNews.kg