www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жыл ичинде бийлик кызматкерлерине 998 кылмыш иши козголду деп айтылды. Жашырып –жапкан эки кылмыш ишин кошсок 1000 кылмыш иши козголду деп койгонубуз туура болчудай.

 Бир жылда ушунча кылмыш кылган билермандар анда жөн эле өлкөнү талап-тоноо үчүн эле келишкенби?-деген суроо туулушу толук мүмкүн.

Айтканга оңой, бирок бул эмне деген сөздү ичине камтып турат. Эл кимге ишеним артып жүргөн деги? Чоңдор иштегени келгенби же кылмыш кылганы келгенби деп да ойлогонго туура келет.

Анан кантип өлкө өнүгөт дагы кантип карызга батпайт. Миң кылмыш козголгон мамлекет эмне кылып жашап, эмне деген күндү өткөрүп жатат деп башка эл укса таң калышы толук мүмкүн. Кээ бир депутаттар айласы жок чырылдап жатышкан экен да, ушунун баарын билип. Болбосо кимдин эле жагымсыз сөз айткысы келсин. Айталы дегенибиз, кадр маселеси дагы бул кылмыш ишине жол ачып жатабы деген ой келет. Андыктан тез арада кадр маселесине көңүл бурулбаса анда иш чатагына айланышы толук мүмкүн.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости