www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын бийлиги уруксат берилбеген митингге катышуунун жоопкерчигилин эскертти. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, “Казакстанда 22-февралда бир нече шаарларында нааразылык митингдери өтөт” деген имиштер тараган. Буга Башкы прокуратура митингге чыгуунун жоопкерчилиги оор болоорун эскертти.
Башкы прокурор Булат Дембаев социалдык тармактар аркылуу 22-февралда элди митингге чыгууга чакыргандарды “чагымчылдар” деп атады. Ал эми мурунку министр жана банкир Мухтар Аблязов негиздеген “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы экстремисттик уюм деп табылганын айтты.
“Алдын-ала уруксат берилбеген коомдук иш-чарага катышкан ар бир адам кармалат. Башкы прокуратура жарандарды ар кандай чагымчыл чакырыктарга азгырылбоого, мыйзамдарды кынтыксыз сактоого жана мыйзамсыз иш-чараларга катышуудан баш тартууга чакырат”,- дейт Аблязов.
Казакстандын Башкы прокуратурасы буга чейин да митингдер өтөр алдында ушул сыяктуу эскертүүлөрдү жарыялап келген.
Белгилей кетсек, казак бийлиги нааразылык митинг өткөрүү үчүн уруксат алуу керек деген мыйзамдарды киргизген. Уруксатсыз митингдер мыйзамсыз деп табылып, анын катышуучулары дароо кармалып кетет. Казакстандагы бул көрүнүштү укук коргоочулар сындап келишет.
Булак: NazarNews.kg