www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

                 1

Шайлоого түшүп жарышып,

Шак санап акча бергени.

Дорулдап жүрүп дордойгон

Добушту алып элдеги.

Бышырып «этин, чучугун»

БШК деген жердеги.

Депутат болуп келишет,

Мыйзамдын накта ээлери.

Минишип күндө жаңылап,

Министр болот эрмеги.

Келишет алар ЖКга

Келтирип улам келмени.

Баштайын эми ЖКдан

Байдылда жазган термени.

                     2

Көчпөсбай деген депутат,

Көк бет, абдан тоң моюн.

Көгөрүп жүрүп ар дайым,

Көтөрүп келет ойлорун.

Таратса деле ЖКны,

Жаны тынбайт эч качан,

Талапкер кайра болмоюн.

Эки тизгин, чылбырды

Эркелеп кайра чоймоюн.

Сөөмөйүн кезейт ар кимге,

Сөгүнүп өзү тоймоюн.

Башы ооруса жан тынбайт,

Башмыйзамды соймоюн.

Жыгылып туруп отуз жыл

Таптады ЖК жолдорун.

Тажатты дешет эл-журт да

Калп айткандай болбоюн.

                  3

Өрдөкбай деген депутат,

Өкүртө калпты коштогон.

Өгөйлөп бөлүп башканы,

Өзүнчө санга кошпогон.

Жерине барса желпинип,

Жети атасын козгогон

Кул тукуму экен деп

Кубалап кээсин «соттогон».

Манаптан өзүм болом деп

Манчыркап барып токтогон.

Аракты ичсе жыгылат,

Айырмасы жок чочкодон.

                     4

Шапалак деген депутат,

Ачуусу келет бат эле.

Туура эмес сөздү сүйлөсөң,

Тумшукка коёт шак эле.

Депутат болуп турса да,

Демитип өзү такаган.

Сүйлөсө каршы ага эгер,

Сүйрөп түшөт жакадан.

Тумшукка качан жеймин деп,

Туттугуп байкуш какаган.

Муштумун ага көрсөтүп,

Шапалак акең матаган.

Талапкер болуп бул күндө

Талашып жүрөт атаман.

 

                        5

Чыртыңбай деген депутат,

Чыгарбай тыйын битиреп.

«Похмели» жок «бомждай»

Бармактары титиреп.

Чөнтөктөн акча чыккыча,

Ууну деле ичирет.

Валюта салып кейсине,

Майда-чүйдө тыйынын

 Чөнтөккө салат кичирээк.

Кол тийгизсең кейсине,

Каап алат итчилеп.

Чоңдорун көрсө бөйпөңдөп,

Кулагы кошо тикчийет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости