www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун  сотунда суралган күбөлөрдүн берген жообуна көңүл бурсак, аларды Атамбаев эмес эле башкалар каматкандай болуп жатат. Убагында Ф.Кулов “Сентябрь” телеканалына маек берип жатып “Ө.Текебаевдин камалышына А.Атамбаев тиешеси жок болуш керек, ал мындайга барбайт эле”- деген сөзүнөн кийин кантип эле тиешеси жок болсун дегендер чыккан.

Биринчиден, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн толугу менен Атамбаевдин озуу менен элге жаман атты кылганга, кылмыш ишин козгогонуна козгоп, камаганын камап, калганын эл бузар кылганга чейин аракет кылып жатат. Убактылуу өкмөттөн башка, башын көтөрө турган саясатчыларды темир тор артына алып кирип миллиондогон акчасын төктүрүп, боштондукка баш көтөргүс кылып чыгарышты. Атамбаевге жалган маалыматты берип Убактылуу өкмөттү талкалагандан кийин, алар А.Атамбаевдин өзүн жалгыз калтырып талкалашка оңой болуп жатпайбы. Мындай ой эмнеден чыгып жатат. Текебаев менен Чотоновдун сотунда күбө катары суралып жаткан А.Модиндин А.Атамбаевдин “Автомаш” заводунун директору Черных менен жолукканын, Текебаевдин иш кабинетин көргөзөм деп Атамбаевдин кабинетин көргөзгөнүн, Атамбаев менен Маевский  Кыргызстандан сырткары жолукса керек деп айтып жатканын кандай түшүнсөк болот. Бул Модиндин айткандарын бирөө даярдады да. Көптөгөн суроолорго билбеймин деп жооп берип, керек болгон жерде багытты Атамбаев жакка буруп жаткансыйт. Эгер Атамбаев кылса, эч качан Модин мындай көрсөтмө бермек эмес. Бул деген Атамбаевге каршы көрсөтмө болуп жатпайбы. Болбосо, кеңири сыртта жүргөн Модинге адашпай тапкындай кылып үйрөтүп койсо болот эле да. Суралып жаткан күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү дал келбей жатканы, Атамбаевди акыр алып барып капканга түшүргүсү келип жаткан жокпу деген ой жаралып жатат.
Эскерте кетсек, Максим Бакиев, Елисеев менен Модин жакшы мамиледе болушканы сотто маалым болду. Алар чогу иш кылып жүрүшкөн. Анда суроо жаралат, ушулардын барын Атамбаев менен бийликте отургандардан кимиси жасап жатат?  Эртең шайлоо бүтөрү менен, максаттарына жетпей калса  Атамбаев кылган деп айтып чыгышат.

Булак: "fakt.kg"

Последние новости