www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтын казып жыргап атабыз дегенди айрым чиновниктер ара солодо айтып калышат. Бирокк, анын жыргалын эл жана мамлекет көрө элек. Айрым бир гана чиновниктер көрүп жатпаса. Дегеле, кайсыл бийлик келбесин «Кумтөр» маселеси курч бойдон калып келет. Бир эмес, бир нече премьер-министрлерди, бүтүндөй Өкмөт курамдарын «критке» чапканы жалган эмес.

Арийне, бул жерден кыргыздар жетиштүү пайда көрө албай келгени боюнча бийлик башындагылардын айткысы келбейт. Качан «Кумтөр» эл үчүн кызмат кылат? Же «Кумтөр» кенинин иштетүүчүлөрү жеминдей бирдемени мамлекетке төгуп коюп эле төө бастыга ала беребиз дешеби? Чыдамдын да чеги бар эмеспи. Ан үстүнө азыр 21 кылым. Европа колонизаторлору Америка менен Африканын кендерин каалагандай тоногон замандар артта, кыйда артта калган. Элдин да жа­ла тырмак көтөрүлүп, бул маседеге киришүүгө деми бышып жетилип калды.

Булак: "Де факто"

Последние новости