www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 «Кыз боюна бүтүрүп, энесин коркутат», - дечү беле? Эдил Байсаловдун кеңеши менен жаңы өкмөт унду асмандатып, кендерди сатып, салык менен бизнести коркута баштады. Элде эмне жазык? Бийликти кубалап чыгышса, «жылда туусам жылда жок, жылда жылан жеп коёт» дегендей, мурунку бийликке мурдун такагандар каптап келип, кымбатчылыкка шарт түзүп берип атышпайбы.

Убагында  Убактылуу Өкмөттүн аппаратын жетектеген, Атамбаев президент маалында Социалдык өнүктүрүү министринин орунбасары мансабына чейин жеткен, Жээнбековдун заманында ТИМдин дипломатиялык академиясынын ректору болгон, Улуу Британияда элчиликти башкарган, азыр минкаб төрагасынын орунбасары Эдил Байсаловго президент эмне дээр эле?

Соткадан: «Ушул абонент сизди кызматка алууңузду өтүнөт».

Байсалов: «Кызматка алуу үчүн соткаңыздагы каражат жетишсиз»

Өпкөсү үлкөн баатырым,

Мансапка сени чакырдым.

Жеткирип өзүң коёрсуң

Жетпесе менин акылым.

 

Колдосо Батыш оңот го,

Байлыктууну конокто.

Жакырлар жаман эл болот,

Жаныңа жакын жолотпо.

 

Россия жакка караба,

Бергенин эч бир санаба.

Өкмөттү толтур түндүккө,

Калбайсың эч бир жалаага.

 

Шефтин уккун сөзү бал,

Ар кимдин сенде өчү бар.

Дүнүйө-мүлктү бүт жыйнап,

Лондонду көздөй көчүп ал.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости