www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 «Ат –Башынын кландары» чогулуп алышып тытышып жатат. «Президентти «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаевге берели» - дейт имиш «Кыргызстан» партиясын түзүүчү Шаки. Аңгыча көпчүлүктөн: «Ал «Кыргызстан» партиясынын лидери болгону менен улуту кыргызбы же калмакпы?» -деген суроо туулат. Анысын ким билет бир гана Тынай бийдин Атаке, Карабек, Жантай деген тукумдары кыргыз дегенде өлүп берчү, бул казактардын алдына кыргыз көк бөрүсүн салып берди. «Өлөсөлүү болсо да өз корообуздан  кочкор салабыз» дегендей, өзүн-өзү «кудай» эсептеген Арстан Алай удургуткан бойдон президенттик шайлоого алгачкылардан аттанган. Коронавирус учурунда беткабын беттен түшүрбөгөн Арстан Алай кытайлыктарга 50 миң беткап берип, ага бербей койгон Салымбековго тырчып: «Кыргыздарда бир гана «кудай» болушу керек. Өзүмдөн башка адамды президент катары көрбөй турам» -дейт имиш. Анын амбиция күчтүү, бирок эмнегедир Аскар Салымбеков, Шайлообек Дүйшеев, Шарипа Садыбакасова, Накен Касиев  башында турган «нака» «Ат –Башынын кландары» өзүнүн чүкөсүн сакага айлантып Садыр Жапаровко салабыз дешип тургандай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости