www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирбек Атабековго саясий коркутуу болгонбу?

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков жакында эле үй-бүлөсү менен АКШга кеткени маалым болгон. Анын чет өлкөгө кеткени коомчулукта ар кандай кептерди жаратканы.

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары ырчынын парламенттик шайлоодон кийин орун алган башаламандыкта аянтка барып сүйлөгөнүнө байланыштуу ага коркутуулар болгонун, мындан улам Мирбек Атабеков үй-бүлөсү менен чет өлкөгө кеткен деген пикирлерин жазышууда.

Ырчы өзүнүн дарегине карата айтылып жаткан кептер боюнча жергиликтүү басылмалардын бирине түшүндүрмө берди:

"Бул жалган маалымат. Биз ар жыл сайын АКШга кайын журтума конок болуп келип турабыз. Бул жолу да ошол максат менен келгенбиз. Жогоруда айтылган маалымат туура эмес, бул жөн гана айрым адамдардын фантазиясы деп ойлойм. Бардыгын туура түшүнүү менен кабыл алам", - дейт ырчы.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости