www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк банктын аткаруу директорлорунун кеңеши өнүгүү саясатын колдоо программасынын алкагында Өзбекстанга 500 миллион доллар бөлүп берүү тууралуу чечимди жактырды.

Каржы мекемесинин маалыматына караганда, каражат өлкөдөгү социалдык-экономикалык реформаларды ачык жана инклюзивдик формада ишке ашырууга көмөктөшүү максатында бөлүнүүдө. Программанын алкагында өзбек өкмөтүнө коронавирус пандемиясынын кесепеттерин азайтууга жана Өзбекстандын 2017-2021-жылдарга карата өнүгүү стратегиясында көрсөтүлгөн реформаларды ишке ашырууга жардам көрсөтүлөт.

"Өзбек өкмөтү акыркы жылдары бир катар антикризистик программаларды ишке ашыруудан тышкары өлкөнүн ачык, атаандаштык жана инклюзивдик экономикага өтүшүн тездете турган бир топ маанилүү реформаларды баштады. Биздин программа бул өткөөл мезгилди жарандар үчүн пайдалуу кылуу боюнча өкмөттүн аракеттерин колдойт. Алсак, пахта өндүрүү тармагынан мамлекеттин чыгышы, аялдардын коопсуздугун жакшыртуу жана алар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, ошондой эле кирешеси аз үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо сыяктуу чаралар калктын аяр катмарынын жашоо-шартына жакшы таасир этет", – деди банктын өкүлү Марко Мантованелли.

Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банк макроэкономикалык реформалар, айыл-чарба, саламаттык сактоо, билим берүү, санитария, энергетика, транспорт жана социалдык коргоо тармактары боюнча Өзбекстандагы 25 долбоорду ишке ашырууга каржылык жана техникалык колдоо көрсөтүүдө.

2020-жылдын башынан бери Өзбекстандын тышкы карызы дээрлик 5 миллиард долларга көбөйүп, баш-аягы карыздын суммасы 29,3 миллиард долларга жеткен.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости