www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкер Канатбек Исаев шайлоо алдындагы штабынын таркатылышы тууралуу маалыматка Facebook баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, ал өз ишин улантып жатат. Ошондой эле, Исаев Нарын облусунун Кочкор районуна барууну пландап жаткандыгын билдирди.

“Айрым маалымат каражаттарында Канат Исаев шайлоого катышпайт экен деген жалган маалыматтар чыгып жатат. Мен ушул боюнча маалымат берип коеюн деп чечтим. Эч кандай андай болгон жок.

Штабда анча-мынча өзгөрүүлөр болду. Бирок штаб толук кандуу ишин улантып жатат. Бүгүн Чүй-Токмокко барып, эл менен жолугушууларды өткөрдүк. Эртерээк деле кайрылсам болмок, бирок кол бошобой эми гана кайрылып турам.

Эми Нарын облусунун Кочкор районуна барып эл менен жолугушабыз”, – деди Исаев.

Ошондой эле, ал эл менен жолугушууга Каныбек Иманалиев менен биргеликте бараарын белгиледи.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости