www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликти сындаган Жэк Ма дайынсыз жоголду

Кытай Эл Республикасындагы миллиардерлердин бири, интернетте соода-сатык жүргүзгөн «Alibaba» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жэк Ма эки айдан бери дайынсыз жок болууда.

Буга карабай расмий Бээжин анын интернет аркылуу өзгөчө ири көлөмдө соода-сатык уюштуруп келген «Alibaba Group» компаниясын кысмакка алуусун улантып жатат.

Белгилей кетсек, Жэк Ма 2018-жылдын ноябрында «Форбс» журналы тарабынан 35,8 млрд доллардын наркы бар байлыктын ээси болгон ишкер катары жарыяланган. Ал дүйнөдөгү эң бай 18-киши болуп калган.

Эми 2020-жылдын октябрынын акырынан тартып Жэк Ма коомчулук алдында эч бир жолу чыкпагандыгы тынчсызданууну туудурууда. Акыркы жолу ал Шанхайдагы ири экономикалык жыйынга катышып, анда Кытайдын базар мамилелерин жөндөөчү мекемесин курч сындап сөз сүйлөгөн.

Мындан соң бийликтер «Alibaba» компаниясынын электрондук төлөмдөрдү уюштурган каржылык бутагы болгон «Ant Group» компаниясынын ишмердигине бөгөт коё баштаган.

Кытай Компартиясынын жетекчилиги өз ишмердигине карата ар кандай сынга сабырсыз мамиле жасап келет.

Ал эми Жэк Манын 2020-жылдын октябрындагы сынынан соң Кытайдагы ишкердикке көзөмөлдөөчүлөр «Alibaba» компаниясына жана анын кол астындагы «Ant Group» каржылык компаниясына каршы антимонополиялык жактан тергөө ишин баштаган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости