www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бишкек-Ош альтернативдүү жолун карызга салгыча, темир жолго акча коротсок пайдасы көп тиймек. “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жолун башаты өткөн кылымда Турдакун Усубалиевдин демилгеси менен курула баштап ошол менен токтогон. Азыр Кытай-Кыргызстан- Өзбекстан темир жолун куруу боюнча демилгелер чыгып жатат. Эгер бул темир жол курула турган болсо “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жолу бир бутагына айланып, Кыргызстандын Түндүк –Түштүгүн бириктирип, андан тышкары Кыргызстанды өнүгүп жаткан Кытай жана Европа менен, Орусия менен кошуп географиялык жактан деңизден тышкары турган мамлекетибиздин ал-абалын   дурустап алмакпыз.

Мурда биз карыздарды каржы институттарынан, Бүткүл дүйнөлүк банктан, Азия банкынан алчубуз. Алардын баардыгы 40 жылдык мөөнөт менен, 10 жылдык каникул, 0,7 пайыз менен берчү. Атамбаев болсо Кытайдан 3 пайыз менен 20 жылдык мөөнөткө алып келип Түштүк-Түндүк альтернативдүу жолун сала баштадык. Бул деген туура эмес, жарык дүйнөгө келген ар кыргызды карызга мойнунан байлап берди да. Кытайлар өздөрүнүн фирмасын алып келип иштетип жатышат. Мисалы, биринчи Ош-Бишкек жолун алалы. Анын 1 километри 250–300 миң доллар менен бүткөн экен. Азыркы салынып жаткан экинчи жол орточо эсеп менен 2,5 миллион болуп жатат. Мындайча айтканда кытай өкмөтү 800 миллион доллар берсе, алар болгону 300 миллион долларга куруп, 500 миллионду алып кетип, андан тышкары дагы өлкөбүздү карыз кылып, мойнубузга илип жатат. Мейли карызга батырса да темир жолду куруп карызга батырса, эртеңки күнү актап кетер эле.

Мисалы кимдир бирөөнө үч-төрт сырткы кийим  керек, бирок акчасы жетпей жатса бирөөнү тазалап кийип турат да Ушундай эле иш. Темир  жолдорду салдырсак, бай болсок, анда бул жол керек. Ички жолдордун баары талкаланып,темир жол бири-бири менен кошулбай жатса, анан экинчи жол салып жатсак. Экинчи жолду он эсе кымбат, карызга салгандан көрө темир жол салып алсак дурус болмок. Ушул 186 километр келген “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жолун салсак канчалаган адамдар жумуш менен камсыз болмок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости