www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Сыймык Жапыкеев финполду жетектеп, кыйла ирденип алганы байкалат. Андан соң Ысык-Көл облусунун прокурору катары аз убакыт иштеп, бирок бул кызматка алымсынбай койду. Туура эле бийликке сын айтып, отставкага кетти.
Сыягы, майталкандан кийин облпрокурорлукту чанып, баса берди окшойт. Эми Жапыкеев чогултуп алган акчасы менен күзгө чейин чет өлкөлөргө сая каттап, сайран куруп, андан соң саясаттын ташын чалары канкууланууда.
Азырынча бийликтин рейтинги түшө элек экенин аңдап, убакыттын өтүшүн санап, өрлөбөй калганда өпкө үзүүгө батынабы? Учурда ал саясатчылар менен консультацияларды өткөрүп, өрөпкүп басып жүргөн чагы.
Бийликте терең мааниде акыл калчагандар болсо, Сыймык Жапыкеевди күзгө жеткизбей эле эбин таап, мыйзам бузса жазалап, сопу кылып коюшу мүмкүнбү? «Жоо аяган жаралуу» демекчи, дал ушул эргул төбө каңдап жүрбөсүн эй? Тарапташтарын жетиштүү деңгээлде козутчу эле...
Булак: Азия News гезити