www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош жаңжалы башталар алдында президенттин Иш Башкармасынын алдындагы тойканада тойлоп жатышкан Убактылуу Өкмөттүн ичип-жегендерин качан төлөйт? Андан бери канча убакыт өтсө да бул акчалар эмнеге төлөнбөй келе жатат? Бул тууралуу апрелдин укмуштуу Баатыры, белгилүү төлгөчү Кайып Шери менен маек курдук.
- Ош жаңжалы башталар алдында тойканада Убактылуу Өкмөт тойлоп жатканын көпчүлүк билет. «Шибегени капка катмак беле» бул күнү чыр болтурбоого аракет кылынбай, тойлоп отурганы туурабы?
- Чыр болорун алдын ала билгендер чара көрүү тууралуу бийликке кайрылышкан. Ош жаңжалы башталар алдында президенттин Иш Башкармасынын алдындагы тойканада Убактылуу Өкмөт ал кездеги Коргоо министри Исмаил Исаковдун туулган күнүн өткөзүп, тойлоп жатышкан. Аларга элдин талабын чечкенден көрө, тойлоп турган кызык окшойт. Ар кандай маалымат боюнча бул тойго 14 миллион сом короп, чет мамлекеттик кымбат ичимдиктер колдонулган. Мунун акчасы ушул күнгө чейин төлөнбөй келе жатат. Муну маараке ээси да, же ушул үлпөткө катышкан Убактылуу Өкмөт да төлөгөн эмес.
- Убактылуу Өкмөт толук курамы менен катышты беле?
- Чындык үчүн айтып коюш керек. Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев бул үлпөткө катышкан эмес. Ошондуктан, 2016-жылы 31-августта Убактылуу Өкмөткө каршы чыккан. Анын катышпай калганынын себебин саясий серепчилер ар кандай божомолдоп жатышат. Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев деги эле Ош жаңжалы убагында «кыштын күнү чээнине кирип кеткен аюудай» болуп эч бир жерден көрүнгөн эмес. Ошондуктан анын радикулит оорусу кармап калган же болбосо ашыкча ичип алып эл алдына чыккандан качып калган. Башкысы ошол жылы боло турган парламенттик шайлоодо Атамбаевдин башкы таяныч катары жаңжалды баштаган Кадыржон Батыров эсептелген. Ал Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага Кадыржон Батыровду кабыл алуусуна шарт түзүп берген.
- Ичип-жеп алышып, ушул күнгө чейин акчаларын төкпөй жүргөндөрү кызык экен?
- Бул миңдин бири гана болсо керек. Ал кезде Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары, Финансы министри Темир Сариев болгон. Менимче мамлекеттик бюджеттен кеткен чыгымдарды жаап коёбуз десе керек. Ортодо ызы-чуу чыгып кетип, унутулуп калгандай. Анан парламенттик шайлоо башталып булар акча тууралуу ойломок түгүл бири-бирин чукулай баштады.
- Бир отурганда эле 14 миллион сомду ичип-жешсе булардын аш казаны аш казан эмес эле, таш казан го?
- Сөөлөт күтүшкөнгө да кымбат баалуу ичимдиктерден ичишиптир. Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары, Финансы министри Темир Сариев эртеси мастыгы али жазыла электе барган. Ак үйдүн алдындагы Ош жаңжалын угуп, ызы-чуу болуп жаткан эл аны тытып жеп койо таштаган. Эл аны токмоктоп саларда, эптеп ортого түшүп, аны Ак үйгө куткарып кеткем. Ал кезде мен бийлик менен элдин байланышын камсыз кылып тургам. Мага мамлекеттик бюджеттен бир тыйын да төлөнчү эмес. Өз демилгем менен чыр-чатактарды басып, ортого түшүп жүргөм. Ошол кезде Темир Сариевди тим койсом, жаны ачып турган эл аны жеп жибермек.
Маектешкен: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg