www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупцияга айыпталып кылмыш иши козголгон Акылбек Жапаровдун эмдигиче сот жоопкерчилигине тартылбай жүргөнү, коомчулуктун көзүнө чыккан тирсектей эле болду.
Президент Сооронбай Жээнбеков «Коррупционерлердин атын атагыла, чара көрөбүз» - деп айткан менен, иш жүзүндө баары тескери. Эл какшап, маалымат каражаттары тынбай жазып жаткан коррупционерлерге чара көргөн жан жок. Экс-президенттин айланасындагы 5-6 адамды камап койгон көрүнүш коррупция менен күрөш жүрүп жатат дегенди билдирбейт. Кош стандарттуу мамилени эл көрүп-билип жатат. Мунун арты жакшы болбойт.
Мына Жапаров Жогорку Кеңеште элди бай-кедей деп бөлүп, оозун чоюуда. Элдин ырыскысына кол салгандар эми минтип элди эки жаатка бөлүп жатканы жакшы эмес.
Булак: “Фабула”