www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2007-жылы «Ак Жол» партиясы парламентте 71 мандат менен келет. Үчүнчү парламенттин депутаты Камчыбек Ташиевди бир добуш менен Өзгөчө кырдаалдар министри кылып бекитет. 2009-жылы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов Ташиевди жалаа аркылуу кызматынан четтетет. Ташиев эшикти тарс жаап чыгып кетет.

Анын ордуна көп жылдары парламентке депутат болуп келген Эргеш Төрөбаевдин «Ак Жол» партиясы менен парламентке келген уулу Бакыт Төрөбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кылып дайындашат. Бакыт Төрөбаев министр катары өзүн-өзү көрсөтө алган жок, балким бийлик алмашып Убактылуу Өкмөт бийликке келип анын Бабановдун «Республика» партиясына баш калкалаганы себеп болгондур.

Бакыт Төрөбаев 2010-жылы Бабановдун «Республика» партиясы менен парламентке келет. Ошондуктанбы, 2017-жылы ал президентке талапкер Бабановго өзүн-өзү өкмөт башчысы кылып дайындап алган. Бабанов жеңилип качып кеткен соң башын жерге салып Атамбаевдин алдына барып кечирим сураганын элдин бары көрүп турду. Өсө турган бала болгон соң Атамбаевден кечирим сурабай эле, унчукпай койсо болот эле да. Ушул жерден «кыйшык» басып алды.

 Аны менен кошо депутат болгон Алтынбек Сулайманов Ташиев менен Жапаровдун тумшугун талкалап ал кездеги президент Атамбаевден «Алтын бала» деген мактоо угуп «Бир бол» партиясын түзүүгө көмөк алса, Бакыт Төрөбаев Атамбаевке кошомат айтып жүрүп «Өнүгүү-Прогресс» партиясын түзөт.

Бакыт Төрөбаев Атамбаевдин долбоору катары,  каражатты Атамбаев тараптан ала турган. “Өнүгүү-Прогресс” партиясы Атамбаевдин долбоору катары 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында түзүлгөн. Анын парламенттик тизмесин Атамбаев бекиткен.

Камчыбек Жолдошбаев деген ушул партиянын депутаты эле эмнеге татыйт, ал депутаттардын арасында кимде-ким эл менен автобуста жүргөнүн көрсөм уялганымдан өлүп кетем. Депутаттар өзүңөрдү ылдый басып көпчүлүк менен автобуска түшпөгүлө деп эсте калган. Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” партиясы менен 2015-жылы депутат болуу үчүн “Республика-Ата-Журт” партиясынан депутаттыкка талапкер Камчыбек Ташиевди капсалаңга салып берген Тазабек Икрамов эки жыл өтпөй сабатсыздыгынан улам бул фракциядан чыгарылган. Ал эми да сабатын жойбой туруп кайрадан депутат болуп келди.

Эми да шайлоонун шаңы жаңы бүтүп Бакыт Төрөбаевди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына бата берди. Албетте,  “Өнүгүү-Прогресс” партиясын садага чаап, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына адашып келип, лидерлигине жеткен.

Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” партиясын  мындан көп жыл мурун эле Бакыт Төрөбаев «атасы» балдарын чанган атадай чанып кеткен. Бул партия акыркы жылдары өздөрүнүн партиясынын атынан дыйкандарга, фермерлерге тракторлорду берип, жардам көргөзүп келатканын ММК булактары аркылуу жарыя кылып жүрүшчү.

Албетте, жардам бергендери жакшы, бирок ал жардамдар жана жарнамага кетип аткан каражаттар кайсыл булактан келип атат?

“Өнүгүү-Прогресс" партиясы Атамбаевдердин долбоору болсо, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы Ташиевдин долбоору.  Эл арасында ушундай сөздөр жүрүп жатат. Бирок, бул партия дыйкандарга жардам берип жүрдү. “Өнүгүү-Прогресс" партиясы Атамбаевдердин долбоору деген кеп көптөн бери эле айтылып жүрдү.

Булардын арасында Исхак Масалиев да болсо керек, азыр ал «Бүтүн Кыргызстанда». Ал 2010-жылы төңкөрүш уюштурам деп Үсөн Сыдыков экөө жөн жерден кордук көргөн. Анын атасы Апсамат Масалиев абдан жакшы киши болгон. “Өнүгүү-Прогресс" партиясы көп жылдан бери үгүт иштерине канчалаган миллиондорду коротту.

Тракторлорду берип жатат дегендей. Аталган акчалар кайдан келип жатат бул да чоң суроо. Ошондуктан буларды каржылап тургандар болсо керек. Атамбаевдер сөзсүз түрдө кайсы бир саясий күчтөргө көмөк көрсөтүп келишкен. Ал эми Атамбаевдердин долбоору экенин тиешелүү кызматтар аныкташкан.

Ошондой эле бул партиянын мүмкүнчүлүгү анчалык жогору деле болгон эмес. Бул пикирлердин албетте чындыкка жакын жагы бар. Анткени “Өнүгүү-Прогресс” партиясы айыл чарба багытында бир топ иштерди жасады. Ошол жасаган иштерине албетте оңой акча сарпталбайт.

Ошондуктан коомчулукта “Өнүгүү-Прогресс” партиясы акчаны кайдан алып жатат деген суроо пайда болгон. Чын эле Бакыт Төрөбаев акчаны кайдан алып кандай иштерди жүргүзүп жатат элге ачык айтып, иштеши керек эле.

Элге ачык айтпаса ар кандай сөз ээрчий берет. Болбосо, ким билет Атамбаевдерден алганбы же Акаевден алганбы, бүдөмүк. Бул партия айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча пландарын элге айтып келди. Бул пландар СССР убагында эле айтылган. Андан кийин Акаев талкалаган айыл чарбасын калыбына келтирүүгө өздөрүнүн пландарын айтып келишти.

Бул кайсы бир деңгээлде чындыктан алыс иштер болуп саналат. Саясий иштери башка партиялардыкындай эле кетип жатты. Бул партияны жаңы өсүп келе жаткан партия катары карасак, там-туң басканда эле жалпайды.

Бакыт Төрөбаевдин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болушуна элдин пикири кандай? Эми Кыргызстанда жалпы эл колдой турган таасирдүү лидер деле жок. Бакыт Төрөбаевди антип айтканга деле болбойт. Бирок, кыргыз эли уучубуз кур эмес. Өсүп келе жаткан кыйын жаштар бар дегендей. Бакыт Төрөбаевди деле ушундайлардын бири деп билсе болот. Негизи Бакыт Төрөбаевдин түштүктө салмагы жакшы эле окшойт.

Ал эми республикалык деңгээлге чыгышы үчүн түндүктө да кадыр-баркы болуш керек. Бакыт мырзанын саясий ишмердүүлүгү буйтама, ойкуп-кайкып кетет. Анын өзүнө жараша колдоочулары бар. Эми кандай иштейт алдын ала айтуу кыйын. Ошондуктан барын иш көрсөтөт деп айтса болот.. «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын мүчөсүн азырынча  бийлик колдойт. Балким «Өлбө жаным өлбө» деп май-талкандан ашап жүрө берер. Кыргызстанда өзүн лидер эсептеген саясатчылар көп эле. Бакыт Төрөбаев деле ошолордун бири. Аны башкалардан өзгөчөлөнгөн лидер деп айтуу мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына сунушталган Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырып парламент колдоду. Депутаттар Төрөбаевден - доллардын курсунун кайра түшүп жатканына байланыштуу азык-түлүк жана башка товарлардын көтөрүлгөн баасын кайра төмөндөтүү үчүн көрүлчү чаралар тууралуу сурашты. Бакыт Төрөбаев доллардын баасы түшкөндөн кийин, кандай товар болбосун, баасы өз ордуна келиши керек экенин белгилеп, бул ишти көзөмөлгө ала турганын билдирди.

Төрөбаевдин айтуусунда, Кыргызстан учурда Кытай жана Өзбекстан мамлекеттери менен реэкспортко өзгөчө маани бериши керек. Андан тышкары Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга келип жаткан IT-адистерине да шарт түзүлөөрүн айтты. Орусиядан IT-адистеринин көп келип жатканына байланыштуу 30 күндүн ичинде каттоого туруу мөөнөтүн узартууну сунуштады. Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралып, колдоо тапты...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости