www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай ТИМи: Орусияга каршы санкциялар кабыл алынгыс

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Евробиримдиктин дипломаты Жозеп Боррелл менен видео сүйлөшүүлөрүндө Батыштын Орусияга каршы катаал санкцияларын кабыл алынгыс деп атады. Бул тууралуу ТАСС Кытайдын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

«Эң катаал санкциялар эки тарапка тең зыян келтирип, кырдаалды ого бетер татаалдаштырып, карама-каршылыктарды күчөтүшү мүмкүн», - деген Ван И чектөөлөр башка өлкөлөргө жана элдерге да зыян келтирерин белгиледи.

Анын айтымында, Бээжин кызыкдар тараптар менен биргеликте Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды тез арада жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр.

«Биз кеңири масштабдагы гуманитардык кризистин алдын алуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү улантабыз», - деп баса белгиледи Кытай министри.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости