www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мигранттардан «Сбербанк» аркылуу акча которууларды жүргүзө албай жатабыз деген даттануулар түшүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Миргүл Темирбаева («Ишеним») билдирди.

Анын айтымында, мурда которуулар картанын номери же алуучунун аты менен жүргүзүлүп келген.

Депутат рублдин курсу түшүп кеткендигине байланыштуу ата мекендик банктар акчаны алуучунун наамына которууга чектөө киргизгенин айтты.

«Эгер картадан картага которсо, анда рублдин курсу өтө төмөн, бул биздин мигранттар үчүн пайдасыз», - деди ал.

Ал кыргыз банктары тарабынан акча которууларга коюлган чектөөлөрдү алып салууну суранды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости