www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркиянын Ыстамбул шаарында өткөн украин-орус сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы жөнүндө пикирин билдирип, Киев сүйлөшүүлөрдү улантууга жана анын натыйжалуу болушуна кызыкдар экенин айтты.
«Ошол эле маалда Украинанын эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү боюнча эч кандай компромисс болбойт жана болушу мүмкүн эмес. Бул биздин так принциптерибиз», - деди Зеленский видеокайрылуусунда.
Украин президенти акыркы сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жалпысынан орус тараптан позитивдүү сигналдар болгонун белгилеп, бирок орус армиясынын Киев жана Чернигов багыттарындагы активдүүлүгү азайганы тууралуу билдирүүлөргө ишенбей туруу керек экенин айтты.
«Бул сигналдар орус снаряддарынын жарылуусун басаңдата албайт. Украиндер чабуулдун 34 күнүндө да, Донбасстагы акыркы сегиз жылдык согушта да конкреттүү жыйынтыкка гана ишенүүгө болорун түшүнүштү», - деди Зеленский.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg