www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польша менен Германиянын чек арасындагы "Мальнов" компрессордук станциясы аркылуу "Ямал-Европа" кууру менен Европага газ жиберүүнү Орусия токтотту. Бул тууралуу Reuters агенттиги Германиянын Gascade газ-транспорттук операторуна шилтеме кылып билдирди.

29-мартта "Мальнов" станциясы аркылуу аталган газ түтүгү менен Польшага жана Германияга 1 млн. 450 кВт/сааттан ашык газ өтүп турган болсо, бүгүн ал нөлгө түшүп калган. Азырынча газ сордурууну токтотууга эмне себеп болгону айтыла элек.

Маалыматка караганда, башка газ түтүктөрү, анын ичинде "Түндүк агым -1" аркылуу Европага газ жеткирүү уланууда.

Польша аркылуу Германияга газ жеткирүү боюнча "Газпромдун" узак мөөнөттүү келиши жок. "Газпром" ал транзиттик кубаттуулуктарды бир айлык же бир суткалык аукциондордо брондоп алып турат.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, 28-мартта"Газпром" акыркы эки жумадан бери алгачкы жолу "Ямал-Европа" түтүгү менен Польша аркылуу Германияга газ сордуруу үчүн транзиттик кубаттуулуктарды бир суткага (29-март) брондогон. Андан соң газ сордуруу үчүн 30-мартка дагы бир кошумча кубаттуулукка буйрутма берген.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөткө, Борбордук банкка жана "Газпромго" 31-мартка чейин "дос эмес өлкөлөргө" газ сатууда рубль менен эсептешүүнү киргизүүнү тапшырган. Көп өтпөй "Чоң жети" (G7) уюмуна кирген өлкөлөр – АКШ, Франция, Улуу Британия, Германия, Канада, Италия, Жапония – газды рубль менен сатып албай тургандыктарын жарыялашкан. Кийинчерээк бул билдирүүгө Европа биримдиги толук курамы менен кошулган. Өз кезегинде орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков рублга сатып алуудан баш тартышса, газ жеткирүү токтотуларын билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости