www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Өзбекстан менен Түркия 29-мартта кеңейтилген алкактык аскердик келишимге кол коюшту. Бул тууралуу  Түркиянын Коргоо министрлиги Твиттердеги баракчасынан билдирди.

Документке Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Өзбекстанга жасаган сапарынын алкагында кол коюлду.

Келишимге Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен Өзбекстандын коргоо министри Баходыр Курбанов кол койду.

Бул документтин мазмуну ачыкталган жок.

Бирок Эрдоган Ташкентте биргелешкен маалымат жыйынында Түркия менен Өзбекстандын ортосунда коргонуу өнөр жайы тармагында келишимдерге кол коюлганын билдирген.

Түркия президенти ошондой эле Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда алар “транспорттон энергетикага, саламаттыкты сактоодон билим берүү жана маданиятка чейин кеңири чөйрөдө” алакаларды өнүктүрүү боюнча макулдашканын баса белгиледи.

Мындан тышкары, Өзбекстан менен Түркия эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге – ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүүнү чечишти.

Белгилей кетсек, Эрдоган эки күндүк сапары менен Өзбекстанга 29-мартта барган.

Аны Ташкент эл аралык аэропортунан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости