www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус-кытай кызматташтыгынын жогорку чеги жок, деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ван Вэнбин шаршемби күнү брифингде.

«Орусия менен Кытайдын кызматташтыгында чек жок, тынчтык үчүн күрөшүбүздө да чек жок, коопсуздукту сактоого болгон умтулуубузда, гегемонизмге каршы турууда чек жок», - деди дипломат.

Ван Вэнбинь баса белгилегендей, Орусия менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу мамилелер эч бир үчүнчү тарапка каршы багытталган эмес.

Анын айтымында, Орусия менен Кытай БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болуп, блокторго кошулбоо принциптерин кармануу менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө.

«Эки тарап тең чыныгы көп тараптуулукту ишке ашырууну, эл аралык мамилелерди демократиялаштырууга жана көп полярдуулукка көмөк көрсөтүүнү улантууда.

Орусия менен Кытай эл аралык оор кырдаалдын шартында стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө ниеттенүүдө», - деп билдирди Орусиянын Тышкы иштер министрлиги.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости