www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
4-апрелден тарта Бишкекте жылуулук өчүрүлөт. Мындай чечим күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын департаментинин маалыматына караганда, 31-марттан баштап абанын орточо суткалык температурасынын жогорулашы күтүлүп, кескин суук болушу күтүлбөйт.
Бекитилген критерийлерге ылайык, керектөөчүлөрдү жылуулуктан өчүрүү сыртта абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо башталат.
Булак: NazarNews.kg