www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 7-октябрына карата Борбордук Шайлоо комиссиясына арыз жазгандар: Турганбаев Мелис, Шакиев Нурланбек, Матраимов Искендер, Мааткабылов Ырысбек (Салымбеков), Сатыбалдиев Эльмурза, Сыдыков Бактыбек, Исаев Канатбек, Сулайманов Алтынбек, Баатырбеков Алмазбек, Мурашев Нурбек, Дуйшенбиев Райимберди, Турсунбаев Азизбек, Сариев Акылбек, Жумабеков Дастанбек сыяктуу элдин оозуна алынып калгандар бар. Талапкер бир шайлоо округу боюнча партиянын атынан же өз алдынча талапкерлигин кое алат. Кыргызстанда баш-аягы 36 округ бар. Ар биринен талапкерлер чыга алат. Шайлоого катышуу үчүн документтер 13-октябрда кечки саат алтыга чейин кабыл алынат.

- Мурзакматов Байжигит Мамаюнусович — Көк-Жар округу №4

- Абдрахманов Азамат Абдилализович — Көк-Жар округу №4

- Икрамов Тазабек Икрамович —Сузак округу №13

- Мусагул уулу Амантур — Кочкор округу №32

- Мадмаров Уланбек Аданбекович —  Көк-Жар округу №4

- Сурналиев Талгат Чыныбекович — Ысык-Көл округу №36

- Сарбагышев Талантбека Кыдыргазиевич — Ысык-Көл округу №36

- Абдылдаев Райымбек Жумагулович —  Нарын округу №33 (24 сентябрь)

- Карагулов Кубанычбек Нарынбекович — Ленин округу №26 (24 сентябрь)

- Аширбаев Элкинбек Токтогонович — Сокулук округу №24 (24 сентябрь)

- Сегизбаев Мирбек Абдрахимович — Лейлек округу №1 (24 сентябрь)

- Ганыев Каныбек Токтоматович — Кадамжай округу №3 (24 сентябрь)

- Атажанов Ырысбек Ысламович — Кадамжай округу №3 (23 сентябрь)

- Жээнбеков Жусупжан Амражанович — Сузак округу №13 (23 сентябрь)

- Лилиенталь Юлия Викторовна — Сузак округу №13 (23 сентябрь)

- Саккараев Медербек Жаманкулович —  Чүй-Кемин округу №31 (23 сентябрь)

- Абакиров Аскар Жумабекович — Чүй-Кемин округу №31 (23 сентябрь)

- Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахапович —Сузак округу №13 (23 сентябрь)

- Арстанбеков Акылбек Советбекович — Ноокен округу №16 (22 сентябрь)

- Тукунов Акжолтой Шакирбекович — Ысык-Көл округу №36 (22 сентябрь)

- Сыдыков Бактыбек Үсөнович — Ноокен округу №16 (22 сентябрь)

- Кебекбаев Сабыралы Тойчуевич — Сузак округу №13 (21 сентябрь)

- Усупов Тилек Сабырович — Октябрь округу №28 (21 сентябрь)

- Талипов Нурали Орозалиевич — Кадамжай округу №3 (21 сентябрь)

- Бекмуратов Баймурат Асатович — Лейлек округу №1 ((21 сентябрь)

- Шаимкулов Манас Каныбекович — Жалал-Абад округу №14 (21 сентябрь)

- Алымжанов Айбек Орозбекович — Кочкор округу №32 (21 сентябрь)

- Төлөгөнов Бакыт Талантович — Жети-Өгүз округу №34 (20 сентябрь)

- Исаев Канатбек Кедейканович — Чүй-Кемин округу №31 (18 сентябрь)
- Насиров Абдижамил Жусупович — Кадамжай округу №3 (18 сентябрь)
- Нурланбеков Актилек Нурланбекович —Ленин округу №26 (17 сентябрь)
- Айбек Алтынбеков — Базар-Коргон округу №15 (17 сентябрь)
- Курманов Байыш Жантаевич —Ысык-Ата округу №30 (17 сентябрь)
- Танабаев Нурлан Исамидинович — Куршаб округу №10 (16 сентябрь)
- Сейтказиев Анаш Токтосунович — Чүй-Кемин округу №31 ((15 сентябрь)
- Ибраимов Санжар Кубанычбекович — Алай округу №11 (15 сентябрь)

- Дурсунов Атамша Латифвич — Ысык-Ата округу №30 (13 сентябрь)- Малиев Арсланбек Касымакунович — Жети-Өгүз округу №34 (13 сентябрь)
- Сариев Акылбек Аблабекович — Нарын округу №33 (11 сентябрь)

Кыргызстанда парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, жазуу түрүндө билдирме тапшырган партиялардын саны 75ке жетти. Документ тапшырган саясий партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүүсү керек. 18-октябрга чейин шайлоого катышуучу саясий партиялар да, бир мандаттуу аймактардан чыкчу талапкерлер да тиешелүү документтерин БШКга жиберип, 29-октябрга чейин талапкер катары катталышат. Азыр партияларга эл ишенбей калган.

Ошондуктан, ашып кетсе, 2-3 партия гана өтөт. Анткени, эл бир мандаттуу чөлкөмдөн чыгып, жоопкерчиликти мойнуна алган депутаттарга көбүрөөк басым коёт. Эл жоопкерчиликти сезген, элдин маселесин чечкен депутаттарга суусап турат. Ошон үчүн бир мандаттуу шайлоодон жеңип келген депутаттарга көбүрөөк ишеним көрсөтүлөт.

Кыргызстандын чет өлкөдө добуш бере турган жарандарынын саны 68 691 адам. Чет жактагы жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоодон өткөндөн кийин 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере алат. 2020-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоого пандемиянын айынан катышуу аз болгон. 9300 эле киши добуш берген. Ал эми январдагы референдум жана президенттик шайлоодо чет жактан 3,5 миң кыргызстандык добуш бериптир. Учурда чет жактагы шайлоо тилкелеринин санын кеңейтүү боюнча иштер жүрүүдө. Орусия, Түркия, Казакстан, АКШ сыяктуу бир катар өлкөлөрдө шайлоочулардын саны дагы такталып жатат, жалпы чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси ачылат.

Азыркы шайлоо мыйзамы боюнча партиялык системада атаандаштык күчөдү.Талапкерлер шайлоого аралаш система аркылуу катышат, парламентке мурдагыдай алдыңкы тизмеде тургандар келбестен, элдин бир мандаттуу округдар аркылуу каалаган талапкерге түз добуш берүүсү камсыздалды. Тактап айтканда, партиялык система сакталып, депутаттардын 36сы бир мандаттуу округдар аркылуу шайланса, 54ү партиялык тизме боюнча шайланат, анын ичинде аялдар, жаштар, улуттук азчылык өкүлдөрү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн квоталар каралган.

Мурунку шайлоолордо саясий партиялардын тизмелеринин алдыңкы саптарында тургандар депутат болуш үчүн 100 миңден 1 миллион долларга чейин беришкен. Шайлоо – саясый абалды бир паста курчуткан, керек болсо төңкөрүшкө алып барчу окуя. Ошону түшүнүп, бийлик көнүмүш адатка салбай, парламенттик шайлоону кышка жакын убакытка жылдырышты. Бул - элди көчөгө чыгууга тоскоол жаратуунун аракети. Ошентсе да, шайлоо “ысык” өтөт. Анткени, азыркы бийликке таарынгандар, “кустурулгандар” өздөрүн реабилитация жасап, өч алууну көздөп жатат. Жергиликтүү шайлоо убагындагыдай, партияны ар кандай шылтоо менен маарадан алып коюуга оор болот.

Саясатчылар акыркы шансын алдырбайт. Муну ого бетер курчуткан нерсе – бир мандаттык шайлоо, анткени бийлик өз колу менен бир облуста уруу-урууга бөлүнүүгө шарт түзүп берди. Карапайым калктын жалпы бөлүгү социалдык депрессияда. Акыркы сурамжылоодо элдин башы катканы – баалардын кымбаттаганы. Ал нерсе бийликке кыжырдануу сезимин күчөтөт. Толкундоолорго да себеп болушу толук мүмкүн. Ошондуктан, бул жолу административдик ресурс эмес, добушту сатып алуу көбүрөөк ролду ойнойт. Ушул жагы кайрадан эле азыркы бийликке кооптуу нерсе, анткени, күч менен бийликчил партияны жеңишке алып келүү оор болот.

Камактагы Абдил Сегизбаев, Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Темир Сариев жана башка саясатчылардын парламенттик шайлоого катышууга укуктары, кыйыр жактан мүмкүнчүлүктөрү бар. Сөзсүз түрдө камактагы саясатчылар шайлоого катышууга аракет кылат. Өздөрү болбосо да оппозициялык партияларды колдоору ырас. Анткени шайлоо убагы саясатчылар үчүн легалдуу түрдө колдоочуларын көчөгө чыгарууга, оппозициялык митинг уюштурууга жакшы мүмкүнчүлүк.

Ошону менен аларды каматкан бийликти сестенткенге аракет жасашат. Соодалашууга да, абактан чыгууга да шанс пайда болот. Мени кооптондурганы – бул процесс стратегиялык жолдорду, жергиликтүү бийликтин имараттарын басып алууга барбаса болду. Мындай шартта сырткы күчтөр да киришип кетсе, мамлекетти ал узак мөөнөттүү дестабилизацияга алып келиши ыктымал.

Учурда оппозициялык күчтөр алсыз, биримдиги жок болууда. Анткени Садыр Жапаровдун саясый рейтинги сакталып турганы үчүн каршылык көрсөтүүнүн майнапсыздыгын сезип жатышкандай. “Оппозиция” деп өзүн атагандар – көбүнесе элдин ишениминен чыгып калгандар. Дегеле 30 жылдык соңку кыргыз тарыхын алсак, бир да саясатчы мамлекеттик масштабдагы фигура, элди бириктере алган лидер боло албады. Оор салмактуу эсептелген саясатчыларыбызды элдин уккусу да, көргүсү да келбейт.

Бул абдан кооптуу нерсе, анткени, мамлекетте түзүлгөн ишеним болбосо, башка экстремисттик, радикал динчил күчтөр элдин оюн башка жакка буруп, бизди кайра XIX-кылымга алып кетип калышы мүмкүн. Муну биз Ооганстан, Сирия, Йемендин мисалында көрүп жатабыз.

Парламенттик шайлоону пайдалануу менен сырткы күчтөр, же диний радикалдар чатак чыгарууга себепчи болушу мүмкүн. Ошондуктан УКМК, ИИМ, Баш прокуратура, жалпысынан бийлик органдары душмандарды оппозициядан, журналисттерден, же жаш активисттерден издебеш керек. Алар баардык күчүн баш көтөрө баштаган диний экстремисттерге буруп, ошого катар уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүгө буруш керек. Буга негизги себеп болгон чек ара, анклав, аны коштогон аткезчилик маселесин чечүү зарыл.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости