www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Тажикстандан электр энергиясын сатып алып атканын айтты эле, оозун жыйгыча ал тарап калпын чыгарды. Көрсө, жөн гана “ляп” этип коюптур.

Аны менен министр тажиктердин астында ансыз да жабыр тартып аткан элибиздин шагын сындырды. Министр башы менен анын чамбылала, будуң-чаң жүрүшү көпчүлүктү кооптондурууда. Учурда аймактарда, жаңы конуштарда жарык байма-бай өчүрүлүүдө. Азырынча күз да, эртең кантебиз? Кычыраган кышта жылуулук, жарык маселеси жаралбасына кепилдик жок.

Себеби, Доскул Бекмурзаев оозуна келгенди оттоп, урдура берет экен. Айтмакчы, энергетика кризиси Курманбек Бакиевдин учурунда күч алган. Максим сууну сатып жиберип, элибиз кыйналганын унуттукпу? Көрсө, бул эргул ошолордун кадры турбайбы.

Максим Бакиевдин “жүгүрүгү” катары иштесе, Алексей Ширшовдун “шинелинен” чыкса, Аалы Карашевдин “кошелёгу” болсо, анан “көргөн көргөнүн, көсөө түрткөнүн кылат” деген ушулбу? Бул суроолорго жогорку жетекчиликтер кызыгып көрүшөбү же?.. Ток этери - бир бүлдүргүчтү министр кылуу менен элдин шоруна калышпагай эле...

Булак: Азия News гезити

Последние новости