www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылуулук электр борборун (ЖЭБ, же ТЭЦ) өз балансына алууга Бишкек мэриясынын мүмкүнчүлүгү жок. Бул тууралуу шаар башчысы Айбек Жунушалиев брифинг учурунда билдирди.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал ТЭЦти өткөрүп берүү маселеси министрлер кабинетинин кризиске каршы көрүлчү чаралардын планына киргенин айтты.

"Азыркы тапта маселе каралып жатат. Биз анын бардык аспектилерин, каржылоо жана сактоо эле эмес, пайдалануу жактарын да карап чыгышыбыз керек. ТЭЦтин ишин камсыз кыла турган адистер, кызматтар болушу зарыл. Тейлөөнү колго алууга Бишкек мэриясынын мүмкүнчүлүгү азырынча жок. Биз муну ачык эле моюнга алышыбыз керек. Менимче, бул келечектин маселеси. Өткөрүп берүү боюнча маселе азыркы учурда же келерки жылы каралбайт", — деген мэр.

Шаар башчысы, ошондой эле, "Бишкек жашылдандыруу чарбасы", "Бишкек жарык" жана "Тазалык" сыяктуу кызматтардын ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүлгөнүн, алар өз милдеттерин толук аткарбай жатканын кошумчалады. Бардык кызматтардын иши нукка салынып, ТЭЦти тейлей ала турган абалга келгенде өткөрүп берүү маселеси талкууланат.

Эске салсак, жайында министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Акылбек Жапаров келерки жылы ТЭЦ Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүлөөрүн кулак кагыш кылган. Учурда Жылуулук электр борбору "Электр станциялары" ишканасынын карамагында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости