www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Совет бийлигине каршы чыккан басмачылар өзгөчө Фергана өрөөнүндө күч алып, аларга башка кол курагандар да кошулуп кетишкен. Баары бирдей кытмыр, куу, караңгы болушуп, жаңы бийликти жактырышкан эмес.

Бирок ким адал, ким арам экенин түшүнө баштаган карапайым кыргыз эли Совет бийлигин колдоп чыгышкан. Бири-бирине жан тарткан корбашылар бечара кыргыздарга күн көрсөтүшкөн эмес. Кийин СССРдин курамындагы Кыргыз Республикасы дүркүрөп өнүгүп, элибиз цивилизациянын туу чокусуна жетишти. Бул жерде мурдагы басмачыларды эскерүүнүн кандай себептери бар?

Анткени алардын укум-тукумдары өсүп жетилишип, Совет бийлигине, Россияга, Кыргызстанга каршы чыгышып, мамлекетке тиш сала башташты. “Эл душмандары” кытмыр, куу, наадандык жагынан мурдагы басмачылардан ашып түшүштү. Бүгүнкү күндө элди тажатып бүткөн эскилердин бириккен кыймылы түзүлүп, Кумтөр мафиясы боюнча президент Садыр Жапаровду күнөөлөп жатышат.

Тескерисинче, Садыр Жапаров Кумтөр мафиясын ачыкка чыгарып, алтыныбызды Кыргызстанга кайтарып алганын жер планетасы билет. Бирок геосаясый абал кескин өзгөрүп, үчүнчү дүйнөлүк согуш алдында турганда, дээрлик Кумтөр мафиясын териштирген эл аралык соттон жакшылык күтүүгө болбойт. Эл аралык уюмдардын баары АКШнын “чөнтөк саясаты” экени ачыкка чыкты.

Кумтөрдүн чырын бетине кармаган капиталисттер Кыргызстанга чоң зыян келтирерин байкаган президент Садыр Жапаров бул жолкусунда да өзүнүн жаратылышынан болгон акылмандуулугун көрсөттү. Эгер Кудай Садыр Жапаровду 30 жыл мурда президент кылганда, бүгүнкү жакыр Кыргызстан Россия менен Кытайдын деңгээлиндеги өнүккөн күчтүү өлкө болмок.

Бирок 30 жыл мурда АКШ баш болгон капиталисттерди колдоп чыккан “эл душманы” адегенде М.Горбачёвдун кеңешчиси болуп, СССРди жок кылып, андан кийин өзүнүн “кол бала президентин” алып келип, Кыргызстанды толугу менен талкалады. Ал аз келгенсип, эл аралык деңгээлдеги аферистти таап келип, кылым афёрасына айланган Кумтөр мафиясын түзгөн.

Бүгүнкү эл аралык оор абалда АКШнын жетегинде калган Украинада А.Гитлер, С.Бандера, Р.Шухеевичти улуттук баатырына айлантып алышса, Кыргызстанда “эл душманын” улуттук баатыр кылып алышкан.

Ага кошомат кылып жан баккан тарыхчылар менен адабиятчылардын алдыңкы катарында бүгүнкү президентке асылгандар чогулган. Баарын шагыратып айдап барып педагогикалык, психологиялык жана биологиялык тесттен өткөрсө, илгерки басмачылардын, корбашылардын, эл душмандарынын укум-тукумдары экени аныкталат.

Буларың карапайым элдин баштарын айлантышып, бийликти басып алууга маш болуп алышкан. Жөн эле кытмыр, куу, караңгы эмес жеткен “наглый” болуп бүтүшкөн. Мындай бузукуларды түрмөгө камап, марксизм-ленинизмден жана политэкономиядан экзаменди “5ке” тапшыртып чыгарса көздөрү ачылмак. УКМК, башкы прокуратура чара көрүүлөрү керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости