www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкцияга кабылган, россиялыктарга таандык жүк ташуучу кемелер дээрлик эки айдан бери Франциянын портторунда кармалып турат. Алар орун ээлеп тургандыктан жергиликтүү бийлик кемелерди өз эсебинен ары-бери жылдырып турууга аргасыз болууда. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Маселен, Сен-Мало шаарындагы портто 141 метр узундуктагы ушундай кеме бар. Ал пристанга араң баткандыктан бөлөк кемелер келгенде башка жакка жылдырып турууга туура келет. Жергиликтүү кеңештин депутаты Стефан Перрен мындай көрүнүш канчалык узакка созулса, бардык тараптарга ошончолук зыян алып келерин айтат. Анткени кемени жылдыруу оңой көрүнгөнү менен бир топ акча талап кылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жергиликтүү бийлик бир эле кемени кармап турууга ушуга чейин 50 миң еврого жакын каражат сарпталганын айтууда. Ал эми кеменин ичиндеги россиялык деңизчилер убактылуу карантинге алынып, аларга кетчү каражатты дагы бийлик өз мойнуна алууга аргасыз болуп жатат. Анткени кеме кызматкерлеринин банктык карталары Францияда блоктолуп калгандыктан алар өз эсебиндеги каражатты ала алышпайт.

Украинаны демилитаризациялоо атайын операциясы башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкциялык кысымын күчөттү. Чектөө чаралары биринчи кезекте экономиканын ар кайсы секторлоруна зыянын тийгизүүдө.

Америкалык жана европалык аткаминерлердин аракеттери эми өз өлкөлөрү үчүн экономикалык көйгөйлөргө айланып бара жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости